Ички иштер министрлиги кайрадан унаанын терезесин караңгылатууга акция жарыялоону карап жатат

Ички иштер министрлиги кайрадан унаанын терезесин караңгылатууга акция жарыялоону карап жатат. Бул боюнча тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

 

Ага ылайык, жеке жактар үчүн 1 жылдык караңгылатууга уруксат алуу  80 миң сомдун ордуна 50 миң, юридикалык жактарга 120 миң сомдун ордуна 90 миңди түзөт.

 

Акция 90 күнгө созулат. Андан тышкары, долбоордун алкагында унаалардын терезесин караңгылатууга уруксат берүү кызматы аралыктан көрсөтүлөт.