Италияда Телеграм мессенжерине тыюу салынышы мүмкүн

Италияда Телеграм мессенжерине тыюу салынышы мүмкүн. Маалыматка ылайык, Телеграм аркылуу өлкөдө мыйзамсыз гезиттер тарап жатат. Алардын айынан гезит чыгаруучулар жылына 670 миң евро чыгым тартууда.

 

Телеграмда гезиттерди мыйзамсыз тараткан 10 канал аныкталган. Аларга жарым миллиондон ашык адам катталган.