Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 12 миллион доллар бөлүп берет.
Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримовдун айтымында, каражат коронавируска каршы көрөшүү иштерине, медицина кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттарды алууга, транспорттук камсыздоого, санитардык-карантиндик постторду, лабораторияларды жаңылоого жумшалат.
12 миллион 150 миң доллардын жарымы грант, жарымы 38 жылдык мөөнөткө насыяга алынууда.