Эртең шайлоолордун алдында Кыргызстанда “Тынчтык күнү” жарыяланат

Эртең шайлоолордун алдында Кыргызстанда “Тынчтык күнү” жарыяланат. novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, шайлоо тилкелери ачылганга туура 24 саат калганда үгүт жүргүзүү токтотулат.

 

Талапкерлерге МКК аркылуу сүйлөөгө, чогулуштарды, жолугушууларды өткөрүүгө, жарнамалык роликтерин жарыялоого тыюу салынат.

 

Бирок буга чейин илинген баннерлер азырынча алынбайт. “Тынчтык күнү” шайлоочуларга жакшылап ойлонуп, туура тандоо кылуу үчүн берилет.