Кадамжайда жемиштерди сактоочу логистикалык борбор курулду

Кадамжайда жемиштерди сактоочу логистикалык борбор курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Айыл чарба азыктарын сактоочу кампанын курулушуна, Баткен облусун өнүктүрүүгө максатталган 500 миллион сомдун эсебинен дээрлик 19 миллион сом жумшалды.

 

Алдыда айланасын көрктөндүрүү, асфальт төшөө, жарыктандыруу жумуштары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалат. Азык-түлүк сактоочу жайдын сыйымдуулугу 350 тоннаны түзөт