Кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого дээрлик 457 миллион сом сарпталат

Кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого дээрлик 457 миллион сом сарпталат.

Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет.

Анын айтымында, буга чейин чыгашалардын сметасы Каржы министрлигине жиберилген.

Ошондой эле, шайлоо тилкелерине медициналык каражаттарды сатып алуу үчүн эл аралык

донорлордон каражат тартуу пландалууда. Эске салсак, кайрадан өтө турган

Жогорку Кеңешти шайлоо 20-декабрга белгиленди. Буга чейинки добуш берүүнүн

жыйынтыгы массалык башаламандык жана бир катар

нааразычылыктардан улам жокко чыгарылган.