Кара-Кече кенинен көмүр казуу убактылуу токтотулду.
«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынан тастыкташкандай,
тазалоо иштерине байланыштуу 20-декабрга чейин кара отун
казылып алынбайт. Анын ортосунда көмүр Бишкек ЖЭБине
үзгүлтүксүз жеткирилет. Буга чейин казылган запастар бар, — деп
белгилешти ишканадан. Кошумчаласак, Кыргызстан быйыл
энергетикалык чоң кризиске туш болду. Жетишсиздиктен
улам көмүр керектөөнүн көлөмү дагы өстү.
Ага жараша баалар да кымбат болуп жатат.