Кара-Суу шаарына эл аралык талаптарга жооп берген стадион курулат

Ош облусунун Кара-Суу шаарына эл аралык талаптарга жооп берген стадион курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, «Манас» стадионун жаңылоо иштери жакын арада башталат. Каржылоону жергиликтүү бийлик колго алары белгиленди.