Катар бийлиги 1-ноябрдан тарта бардык коронавирустук чектөөлөрдү алып салат

Катар бийлиги 1-ноябрдан тарта бардык коронавирустук чектөөлөрдү алып салат. Бирок мындай жеңилдик футбол боюнча дүйнө чемпионатына келген күйөрмандарга гана берилет. Атайын карта менен өлкөгө киргендер ПЦР тест тапшырбайт.

 

Калган туристтер үчүн чектөөлөр декабрга  чейин күчүндө болот. Ошондо гана каалоочулар Катарга тести жок, вакцинация сертификаты жок жана ден-соолугу жөнүндө маалымкаты жок кире алат.