Кечээ 8-августта Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды

Кечээ 8-августта Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды.

23-июлда башталган турнирге 204 өлкөдөн 11 миңден ашык спортчу катышып,

спорттун 33 түрү боюнча 339 топтом медаль ойнотулду. Мелдеште 39 алтын

медаль менен АКШ биринчи орунду ээледи. Кытай АКШдан бир медаль аз алып,

экинчи орунда. Япония 27 алтын менен үчүнчүдө. Ал эми Кыргызстан эки күмүш,

бир коло медалга ээ болуп, Борбор Азиядан Өзбекстандан кийин экинчи орунду ээледи.

Өзбекстан 3 алтын, 2 коло медалдын ээси болсо, Түркмөнстан 1 күмүш, Казакстан

8 коло медаль алды. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Тажикстан гана медаль уткан жок.