Конституциянын жаңы долбоорун профилдик комитет 2-мартта карайт

Конституциянын жаңы долбоорун профилдик комитет 2-мартта карайт. Бул тууралуу 24 агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти. Негизги мыйзамдын долбоору каралып, 3 окууда тең колдоо тапкандан кийин пленардык отурумга чыгарылат.

 

Анда айрым талаш жараткан бөлүмдөр редакцияланды, бирок сындын бардыгы эске алынган жок.

 

Комитет мүчөлөрү кайсы толуктоолор киргизилгенин азырынча айта албайт. Аларга өзгөртүлгөн вариант келе элек. Белгилеп кетсек, Негизги мыйзамды референдумга чыгаруу үчүн аны каттоо керек. Аны Конституциялык реформаны демилгелеген 80 депутат жасайт.