Криштиану Роналду жакынкы арада “Манчестер Юнайтедден” кетиши мүмкүн

Криштиану Роналду жакынкы арада “Манчестер Юнайтедден” кетиши мүмкүн. Спорт басылмаларынын маалыматына ылайык, форвард ар кайсы себептер менен машыгууларга катышпай жатат.

 

Ал эми анын агенти башка клубдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Белгилеп кетсек, Роналду “Манчестер Юнайтед” клубу менен 38 оюн өткөрүп, 24 гол жаратты. Келишим 2023-жылдын аягына чейин түзүлгөн болчу.