Кыймылсыз мүлк менен операцияларды накталай төлөөдө мамлекеттик алым көтөрүлдү

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк менен операцияларды накталай түрдө төлөөдө мамлекеттик алым көтөрүлдү. “Акчабар” порталы жазгандай, мындай чара акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана накталай эмес төлөмдөрдү стимулдаштыруу максатын көздөйт.

 

Эми накталай акча менен кыймылсыз мүлктү алып-сатуу келишимдерин түзүүдө алым 10 эсеге көбөйөт. Маселен, бүтүмдүн тараптары балдар, ата-энелер, жубайлар, бир туугандар, эже-сиңдилер, чоң ата, чоң эне, неберелер болсо – 10 миң сом, бүтүмдүн тараптары башка жеке адамдар болсо – 20 миң сом, — деп жазды “Акчабар”.