Кыйынчылыктарга карабай, 2020-жыл каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды

Кыйынчылыктарга карабай, 2020-жыл каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

 

Анын айтымында, 5-7 пайыз тегерегинде инфляцияны кармап туруу мүмкүн болду. Андан тышкары, кредитти портфель  11 пайызга жогорулап, банктардагы депозиттер 20 пайызга көтөрүлдү.

 

Улуттук банктын кирешеси тууралуу айта турган болсок, ал рекорддук 8 миллиард  484 миллион сомду түздү. Абдыгулов белгилегендей, банк системасындагы туруктуулукту кармап калуу бул жылы дагы ошол эле нукта уланат.