Кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында кечээ 23:25те жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Күнгөй Ала-Тоо кырка тоолорунда, Бостери айылынан түндүк-батышка карай 32 чакырым, Чолпон-Ата шаарынан түндүккө карай 33 чакырым жана Казакстандын Алмата шаарынан түштүк-чыгышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

 

Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.