Кыргыз-кытай чек арасы дале жабык

Кыргыз-кытай чек арасы дале жабык. Ал качан ачылат, азырынча белгисиз, — дешти Мамлекеттик чек ара кызматынан. Ведомстводон белгилешкендей, “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү түйүндөрү чек арачылардын кайтаруусунда.

 

Алар аркылуу адамдарды, жүктү жана транспорт каражатын өткөрүүнү жандандыруу боюнча чечимди өкмөт кабыл алат. Эске салсак, 24-январда кыргыз-кытай чек арасы коңшу мамлекетте Жаңы жыл белгиленгенине байланыштуу жабылган. Кийин коронавируска байланыштуу аны ачпай туруу чечими кабыл алынды.