Кыргыз-кытай чек арасы жаңы жылдык майрамдарга жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы жаңы жылдык майрамдарга жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-январдан 3-январга чейин “Торугарт-унаа жолу” жана “Иркештам-унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү жабылат.

 

Бекеттер Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу жабылууда. Аталган көзөмөл-өткөрүү жайларынан транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүү 4-январда жанданат.