Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголду

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлиги Көк-Таш айылындагы ок атышуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси «тынчтыкка каршы кылмыштар» менен иш козгоп, тергөө башталганын билдирди.

 

Ошондой эле жараат алган жарандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Алардын абалы орточо оор.