Кыргыз-өзбек унаа заводу кийинки жумада ишке кирет.
Бул тууралуу 24 агенттигине Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, 28-майда унаа чогултуучу завод тесттик режимде ишке кирүүгө даяр болот.
Белгилеп кетсек, ишкана Сокулук районунда жайгашат. Анда Chevrolet, Daewoo жана Isuzu үлгүсүндөгү машинелерди чогултулат. Баштапкы этапта заводдо жылына 3 миң унаа чыгаруу пландалууда.