Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн Евразия калыбына келтрүү жана өнүктүрүү фондунан
100 миллион доллар алууну пландап жатат. Каржы министрлигинен билдиришкендей,
мындан тышкары Европа биримдигинен 12,2 миллион доллар келээри күтүлүүдө.
1-апрелден 22-июнга чейин Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан алынган
каражаттын эсебинен дээрлик 14 миллиард сом социалдык
иш-чараларга сарпталды, — дешти каржы министрлигинен.