Кыргызстан документи “Паспорт индекси” рейтингинде 12 позицияга абалын жакшыртты.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, быйыл биздин паспорт 68-орунда жайгашат. Бул визасыз режим кабыл алынган өлкөлөрдүн саны көбөйүп жатканы менен түшүндүрүлөт, — дешти ведомстводон.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан жарандары 27 өлкөнүн аймагына визасыз кирүү укугуна ээ.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.