Кыргызстан Индия жана Пакистандын жарандарына виза берүүнү токтотту

Кыргызстан Индия жана Пакистандын жарандарына виза берүүнү токтотту.

 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, “Электрондук виза” порталында туристтик виза берүү функциясы убактылуу иштебейт.

 

Учурда Пакистан, Индия жана башка бир катар мамлекеттердин жарандарынын Кыргызстанга келүү процессин иретке келтирүү жана уюштуруу максатында, ошондой эле алардын өлкөдө жүрүүсүн көзөмөлдөө үчүн натыйжалуу алгоритмди иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүп жатат, — дешти ведомстводон.