Кыргызстан менен Греция дипкызматкерлери үчүн виза режимин жокко чыгарат

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Грек Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 15-майында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Грек Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Грек Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Грек Республикасынын жарактуу дипломатиялык паспорту бар жарандары аталган мамлекеттердин аймагына кирүү, транзит менен жүрүү, аймагында болуу жана чыгуу үчүн 180 күндүк мезгилдин ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулушу каралган.