Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эми чек арадан ID-card менен өтө алат.
Тиешелүү макулдашууга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду.
Жаңы эрежелер документти бекитүү иштери аяктагандан кийин күчүнө кирет. Ал бир-эки айды талап кылышы мүмкүн. Жаңы эрежеде транспорттун бардык түрү каралган. Чек арадан өтүү боюнча маалымат электрондук түрдө катталат. Учурда өлкөнүн жарандары чет элдик паспорт менен кирип-чыгат.