Кыргызстан Синофарм кытайлык вакцинанын дагы 1 миллион 250 миң дозасын сатып алат

Кыргызстан Синофарм кытайлык вакцинанын дагы 1 миллион 250 миң дозасын сатып алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

 

Анын айтымында, препарат өлкөгө ушул айдын аягына чейин келиши мүмкүн. Учурда тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Жамааттык иммунитетти иштеп чыгуу үчүн калктын 70 пайызын эмдөө керек, — деди Бакашова.

 

Эске салсак, кечээ Кыргызстанга кытайлык вакцинанын 1 миллион 250 миң дозасы жеткирилди. Анын 150 миң дозасы гуманитардык колдоо катары келсе, калганын өлкө сатып алды.