Кыргызстанда 1-июндан тарта бардык мамлекеттик органдар иштеп баштайт

Кыргызстанда 1-июндан тарта бардык мамлекеттик органдар иштеп баштайт. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Ал эми иштеген жерине чейин коомдук транспорт менен жетүү мүмкүнчүлүгү жок кызматкерлер аралыктан иштөөнү уланта алат.

 

Мамлекеттик органдардын жетекчилерине кызматкерлердин иш учурунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бекем сакталышын камсыз кылууга талап коюлду.