Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайлар жабылышы мүмкүн

Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайлар жабылышы мүмкүн.

Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен лицензиялык жана

аккредитациялык талаптарга жооп бербегендердин ишин токтотуу сунушу

киргизилет, — деп билдирди Президентке караштуу коррупцияга каршы

ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова. Анын айтымында,

айрым ЖОЖдордо студенттерге жетиштүү билим берилбей жатат.

Көбүнчө чет өлкөлүк студенттер билим алган медициналык окуу жайлар менен

факультеттерде билим берүү сапаты төмөндөп, бул тармак бизнеске айланууда.

Андыктан, катуу чара көрбөсө, бул эл аралык аренада мамлекеттин

кадыр-баркына доо кетирет, — деп белгиледи Муканова.