Кыргызстанда айрым музей кызматкерлеринин маянасы 80 пайызга жогорулады

Кыргызстанда айрым музей кызматкерлеринин маянасы 80 пайызга жогорулады.

Бул максатта 15,5 миллион сом сарпталат. Ал 250 кызматкерге жеткиликтүү болот.

Алсак, мурда 6 миң сом алгандар эми 9 миң сом жана буга чейин 10 миң сом алгандардын айлыгы

16 миң сомго чейин көбөйдү, — деди маданият министри Азамат Жаманкулов.

Анын айтымында, соңку 1,5 жыл аралыгында министрликте оптимизация жүргүзүлдү.

Эмгек акы үнөмдөлгөн сумманын негизинде көтөрүлдү.