Кыргызстанда азык-түлүккө күн сайын мониторинг жүргүзүлөт. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өлкөнүн бардык аймактарында атайын штабдарды түзүп, айыл-чарба продукциясынын запасы боюнча күн сайын анализ жүргүзүү тапшырмасын берди.
Чиновник белгилегендей, штабдын иши коронавирустан улам, өлкөнүн экономикалык абалына залака тийгизбөөгө жана ата мекендик рынокто туруктуулукту камсыздоого багытталган.