Кыргызстанда чет өлкөгө чыгуучу паспортту даярдоо мөөнөтү кыскарды

Кыргызстанда чет өлкөгө чыгуучу паспортту даярдоо мөөнөтү кыскарды.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, буга чейин 18 күндүн

ичинде жасалган документ, эми 12 күндүн ичинде даяр болот.

Бул үчүн кошумча акы алынбайт. Паспорт берүү бөлүмдөрү күчөтүлгөн

тартипте – күнү-түнү иштеп жатат. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын

чек арасынан кыргыз жарандарына ID-карта менен өтүүгө 1-марттан

тартып тыюу салынды. Жалпы жарандык паспорту жоктор ID-карта менен

өтө алышат, бирок чек арадан жалпы жарандык паспорту бар же жогу текшерилет.