Кыргызстанда дагы 400 мектепти ысык тамак менен камсыздоо пландалууда.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, башталгыч класстардын окуучуларына бир маал ысык тамак берүү долбоору 2026-жылга чейин ишке ашат.
Бүгүнкү күндө ысык тамак менен өлкөнүн 1 миң 148 мектебинде берилет.
Бул эл аралык уюмдардын каржылоосу менен ишке ашырылып келет. Ошондой эле башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак үчүн мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сом бөлүнөт.