Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы 10 адам катталды.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, жаңы бейтаптардын бардыгы
Жалал-Абад облусунан аныкталды. Эми республика боюнча
вируска чалдыккандардын жалпы саны 94кө жетти.