Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөөнүн жаңы этабы башталды

Кыргызстанда кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясынын жаңы этабы башталды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кампания 10-июндан тарта Талас жана Ысык-Көл облустарында башталган. 13-июнда Баткен жана Нарын облустарында кошумча эмдөө иштери башталды.

 

Акциянын үч күнүндө Ысык-Көл жана Талас облустарында 24 миң 991 бала эмдөөдөн өттү, бул максаттуу топтун 35%ын түзөт.

 

Эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт жана экинчи этап үчүн каражат Кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында түзүлгөн.

 

«Ай сайын кызамык оорусунун жаңы учурлары азайганына карабастан, вирус дагы эле активдүү. Балдардын жана чоңдордун арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көптүгү оорунун негизги себеби болууда», — деп айтылат маалыматта.