Кыргызстанда лотерея өткөрүү боюнча долбоор иштелип чыгат

Кыргызстанда лотерея өткөрүү боюнча долбоор иштелип чыгат.

 

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк инвесторлор менен лотереялык ишмердүүлүктү киргизүү боюнча келишим кабыл алынды.

 

Алар Европа жана Азия мамлекеттеринде ар кандай лотереяларды иштетип келген. 10 жылга эсептелген долбоор өлкөдө лотерея ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталат. Максаты — республикалык бюджетти толтуруп, калктын лотереяга катышуу муктаждыгын канааттандыруу.