Кыргызстанда окуу китептери үчүн бөлүнгөн каражат жетишсиз

Кыргызстанда окуу китептери үчүн бөлүнгөн каражат жетишсиз. Анын себебин Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.

 

Республикалык бюджеттен китепке деп 120 миллион сом бөлүнөт. Замандын талабына жараша, бул сумма такыр жетишпейт экен. Биздин эсептөөлөр боюнча 600 миллион сомдон ашык акча сарпталышы керек. Жаңы китеп чыкканда мектепке 100 пайыз эле берилет. Бирок айрым китептер жоготулат, окуучуга 15 китеп берсек, 12 же 10 китеп алып калабыз. Анын ордуна окуучулар ошол эле китепти сатып алып келип коюшу керек

 

Эске салсак, мектептерде окуу китептери боюнча маселе дале курч. Ата-энелер өз алдынча балдарына окуу куралдарын алып берүүгө аргасыз болот.