Кыргызстанда сот залдарынын 35 пайызында гана аудио- жана видеофиксация бар

Кыргызстанда сот залдарынын 35 пайызында гана аудио- жана видеофиксация бар.

Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди.

Анын айтымында, аудиофиксация Бишкектин жана Чүй облусунун биринчи инстанциядагы сотторунда орнотулду.

Жалпысынан 80 залда аудио жана видеофиксация бар жана аларды орнотуу уланууда.

Ал эми региондордо мындай көрүнүш жок», — деди Калиева.