Кыргызстанда өзгөчө абал режими аяктаса да бир топ чектөөлөр алынбайт

Кыргызстанда өзгөчө абал режими аяктаса да бир топ чектөөлөр алынбайт.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет.

Анын айтымында, экономиканы жандантуу максатында айрым ишканалар ачыла баштайт.

Объектилер санитардык нормаларды туура сактоосу көзөмөлгө алынат. Үсөнбаев белгилегендей,

жарандардын көчөдө жүрүүсү көп катталууда. Карантин режиминде аралык сакталышы зарыл.

Эске салсак, өлкөнүн айрым аймактарындагы өзгөчө абал режими 30-апрелде соңуна чыгат.