Кыргызстанда жети миллионунчу жарандын жакында төрөлүшү күтүлүүдө.
Улуттук статистикалык комитет быйылкы жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун алкагында өлкө калкынын жалпы санын тактоо боюнча иштерди жүргүздү.
Анын негизинде 7 миллонунчу жаран 20-октябрда төрөлөт деп күтүлүп жатат.
2022-жылдын 1-октябрына карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 миллион 995 миң адамды түздү.