Кыргызстандагы ишканалар пандемияга чейинки абалына кайтып келүүдө.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, быйыл январдан сентябрга
чейин ишканалардын басымдуу бөлүгүнүн дүң кирешеси көбөйүп, киреше
60 миллиард сомду түздү. Киреше 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу
35 эсе өстү дегенди түшүндүрөт. Олуттуу өсүүлөр соода, тамак-аш азыктарын өндүрүү,
транспорт ишмердиги, жүк сактоо, курулуш, металл эмес минералдык продуктуларды
өндүрүү, пайдалуу кендерди казуу, маалымат, байланыш, ошондой эле
электр энергиясы жана газ менен камсыздоо тармактарында байкалды.