Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Быйыл январдан июлга чейин республикадан дээрлик 292 миллион доллар чыгарылды.

Аталган көрсөткүч былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 32 миллион

800 миң долларга көп, — деп билдиришти Улуттук банктан. Каражатты жеке тараптар

атайын система менен которгон. Белгилеп кетсек, буга чейин быйылкыдай эле

көрсөткүчтө өлкөдөн сыртка акча которуулар 2019-жылы катталган.