Кыргызстандыктар кофени көп сатып ала башташты

Кыргызстандыктар кофени көп сатып ала башташты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, алгачкы төрт айда өлкөгө дээрлик 115 тонна продукция жеткирилди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 30 тоннадан көп.

 

Кофенин баасы да 688 миң доллардан 810 миңге чейин өскөн.

 

Негизги жеткирүүчү Россия болгон, аталган мамлекеттен дээрлик 81,5 тонна кофе келген. Андан кийин Түркия, Казакстан жана Колумбия турат.