Кыргызстандын өкмөтү товардын 14 түрүнө болгон бааларды тыкыр көзөмөлгө алат. Министрлер кабинетинде бекитилген тизмеге ылайык, айрым товарлардын баасын өзгөртүүгө чектөө киргизилди.
Алар: ун, нан, сүт, суу май, сары май, эт, кумшекер, күрүч, макарон азыктары, жумуртка, картөшкө, көмүр, бензин жана суютулган газ. Эске салсак, өткөн жумада Кыргызстанда абалдан пайдаланып, азык-түлүккө болгон бааларды кескин көтөрүлгөн учурлар катталды. Өкмөттөн белгилешкендей, аларга карата чара көрүлөт.