Кыргызстандын куралдуу күчтөрү аскердик күч боюнча дүйнөлүк рейтингде   140 мамлекеттен 93-орунга жайгашты

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү аскердик күч боюнча дүйнөлүк рейтингде   140 мамлекеттен 93-орунга жайгашты. Биздин армия курал менен камсыздоо жана аскерлердин запасы менен Зимбабве, Грузия, Камбоджа жана Гватемала менен бир катарда турат. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө мурдагыдай эле 11 миң аскер жана офицерлер бар.

 

Ал эми коргонууда 800 даана аскер техникасы саналат.

 

Борбордук Азияда эң күчтүү армия Өзбекстанда, коңшу мамлекет тизмеде 51-орунда жайгашты. Ал эми дүйнөлүк лидерлердин үчилтиги өзгөргөн жок – АКШ, Россия жана Кытай сап башында.