Ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 200 млн доллардан көп түз инвестиция келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалым болду.
Келген инвестициянын көлөмү былтыркы жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 17%га көбөйгөн.
Ошол эле маалда быйыл январь-февраль-март айларында Кыргызстандан 100 млн доллардан ашык түз инвестиция чыгарылып кеткен. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда дээрлик 11%га жогору.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.