Кыргызстанга “AstraZeneca” вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши жылдырылды

Кыргызстанга “AstraZeneca” вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши жылдырылды.

Бул тууралуу саламаттыкты сактооминистри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, аба каттам учактын бузулуп калганына байланыштуу токтотулду.

Препарат бүгүн келмек. Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата расмий статистика боюнча

вакцинациянын толук курсунан  114 миң адам өттү. Биринчи дозаны 400 миңден ашык адам алды.

Учурда эмдөө түйүндөрүндө 1 миллиондон ашык дозасы бар.

Анын көбү кытайлык Sinopharm препараты.