Кыргызстанга буга чейин ташылып келген оң рулдуу унааларга бир жолку мунапыс жарыялап, каттоо сунушталды

Кыргызстанга буга чейин ташылып келген оң рулдуу унааларга бир жолку мунапыс жарыялап, каттоо сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкууга чыгарылды.

 

Документте буга чейин алынып келген оң рулдуу машиналардын техникалык абалы жакшы экени жана баасы да элдин чөнтөгүнө туура келгендиги белгиленген.

 

Буга байланыштуу ушул жылдын аягына чейин бир жолку мунапыс жарыялоо сунушун берди. “Унаа” мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 873 миң 590 жеңил машина катталган, анын 127 миң 800дөн ашыгы оң рулдуу.