Кыргызстанга сырттан келгендер үчүн алгоритм өзгөрдү

Кыргызстанга сырттан келгендер үчүн алгоритм өзгөрдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

 

Ага ылайык, эми чет мамлекеттерден келгендерден ПЦР-анализ адынбайт. Ошондой эле, алар обсервацияга жаткырылбайт.

 

Эгер коронавирус же сасык тумоонун белгилери байкалса, жашаган жериндеги медициналык борборго кайрылуу сунушу берилет.

 

Штаб мунун себебин вирус өлкө ичинде көбөйүп, ал эми сырттан келген жарандардан аз эле катталып жаткандыгы менен байланыштырды.