Кытайдын Ухань шаарында коронавирус бейтаптарын дарылоочу оорукана ачылды.
«Хошэньшань» бейтапканасы 10 күндүн ичинде курулду. Анда 7 миң жумушчу эмгектенди.
Оорукананын аянты 25 миң чарчы метрди түзөт жана 1 миңдей бейтапты өзүнө батыра алат.
Анда Кытайдын медициналык институттан 1,5 миң адис иштеп жатат.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп
алгандардын саны 17 миңден ашып, 361 адам көз жумду.