Өлкө аймагындагы ооруканалар коронавируска каршы күрөшүү үчүн бир катар тендер жарыялашты

Өлкө аймагындагы ооруканалар коронавируска каршы күрөшүү үчүн бир катар тендер жарыялашты. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылгандай, Ош клиникалык ооруканасына  19 миллион сомго жабдуулар алынат.

 

Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борбору 11 миллион сомго дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттарга буйрутма берди.

 

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борбору  2 миллион сомго коргоо каражаттарын алса, Ноокаттын ооруканасы 7 миллион сомго дары, реактив сатып алуу ниетинде.