Өлкөгө Түркиянын ички иштер министрлигинин эксперттик делегациясы келди

Ички иштер министрлигине Түркиянын ички иштер министрлигинин эксперттик делегациясы таанышуу сапары менен келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Түркиянын ички иштер министрлигинин адистери Кыргызстандын ички иштер органдарына учкучсуз учуучу аппараттар менен иштөөнү киргизүүгө жана окутууга көмөк көрсөтүү максатында келишкен.

«Конокторго ИИМдин басма сөз кызматынын ЖМК жана коомчулук менен иштөө боюнча модернизацияланган борбору, милициянын көчмө кабылдамасынын мониторинг бөлмөсү, криминалистикалык борбор, расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн конференциялар үчүн эл аралык кызматташуу залы көрсөтүлдү.

 

Өзгөчө көңүл өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абал интеллектуалдык камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөнгөн ыкчам башкаруу жана координациялык борборго бурулду.

Акыркы технологиялар милициянын мобилдик пункттарынын ишмердүүлүгүнө көз салууга, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет», — деп жазылган маалыматта.